Жигитиме үйдөгүлөр каршы чыгып жатат. Эмне кылсам болот?
Жигитим менен сүйлөшүп жүргөнүмө бир жыл болду. Жакында апам жана агамдар жигитимдин сүрөтүн көрүп “токтот мунуңду, бул сени жыргатпайт” деп каршы чыгып жатышат.
Жигитим түшүнүктүү, жөнөкөй, романтик. Ал болсо “окууга тапшыр, иште, эл-жер көр, анан 2-3 жылдан кийин үйлөнөбүз” деп жүргөн. Эми минтип үйдөгүлөр каршы болуп жатат. Эмне кылсам болот? Кеңешиңиздерге муктажмын.
Ширин Амантурова
Психолог
Урматтуу окурман, апаңыз жана агаларыңыз жигитиңизди жакындан тааныбай, сүрөтүн көрүп эле мүнөздөмө берип жатканы өкүнүчтүү. Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз эч качан сизге жамандык калабарын эске алыңыз. Чечим чыгараардан мурун алардын эмне себептен каршы болуп жатканын сурашыңызды сунуштайт элем.
Эгер ал баланын сага кылган мамилеси жакшы болсо, бири-бириңерди жактырсаңар, эмнеге тоскоолдуктарды бирге жеңгенге болбосун?
Жигитиңизди апаңыз, агаларыңыз менен тааныштырып көрүңүз. Ошондо гана андан аркы мамиле кандай нукта уланаарын көрөсүз. Башкысы ички туюмуңузду, жүрөгүңүздү угуңуз.
Алдыдагы билим алуу, эл-жер көрүү, иштөө жана башка планды ишке ашырууга аракет жасаңыз.
Сизге бакыт каалайм!