Кош бойлуумун. Көкүрөгүмөн суюктук чыгып жатат. Бул нормабы? Маммолог жооп берет
Саламатсызбы. Учурда 19 жумалык боюмда бар. Көкүрөгүм кычышып, учун сыксам суюктук чыгып жатат. Коркунучтуу эмеспи? Биринчи баламда мындай болгон эмес. Бул нормабы?
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Саламатчылык. Кош бойлуу кезде көкүрөктүн кычышканы жана суюктук чыкканы норма болуп эсептелинбейт. Алардын себебин аныктоо үчүн текшерүүдөн өтүү керек, ошондон кийин гана канчалык деңгээлде коркунучтуу же коркунучтуу эмес экенин айтып бере алам.
Катардагы мастопатиядан, сүт каналдарынын сезгенүүсүнө чейин болушу мүмкүн. Эмчектен чыккан суюктукту да анализге тапшырып, цитология жасатуу зарыл.
Андан кийин төшүңүздү УЗИге тарттыруу керек (боюнда болсо деле уруксат берилет).
Көпкө создурбай эртерээк келип көрүнүңүз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!