Кызыма чыйкан көп чыгат. Эмне кылсам болот? Дерматолог жооп берет
Кызым 1 жаш 4 ай. Жазында курсагына чыйкан чыгып, ооруканага жатып чыкканбыз. Эми аркасына, курсагына дагы чыгып жатат. Негизи атасына да ушундай көп болчу экен. Куртка бардык анализдерди тапшырдык. Таза чыкты. Кызыма кантип жардам берем?
Бакыт Курманалиева
“Эркай” клиникасынын адиси, дерматолог
Чыйкандын көп болушу фурункулез деп аталат. Сиз кандай анализ тапшырдыңыз эле: канын же заңын?
Бишкекте болсоңуз Эне жана баланы коргоо борборуна (Охматдет) келип чыйкандын өзүнөн анализ тапшырсаңыз болот. Чыйкандын азыктануучу чөйрөсүн текшерип, антибиотиктерге болгон сезимталдуулугун аныкташат. Анализдин жыйынтыгы 5-6 күндө даяр болот.
Ошондой эле “бакпосевке” тапшырсаңыз стафило же стрептококтордун бар жогун биле алабыз. Мунун бардыгы себебин аныктоо үчүн керек.
- Кызыңызды эмизесизби? Кээде балага эненин сүтү аркылуу да мите курттар өтүшү мүмкүн.
- Атасы да ооруган деп айтып кеттиңиз, мындай оорулар тукум куушу мүмкүн.
- Микроэлементтер жетишсиз болгондо чыгышы мүмкүн.
Кандай болгон күндө да, текшерүүдөн өткөндөн кийин, баланы андан ары кантип дарылоо керек экени белгилүү болот. Кызыңыз кичинекей экен, ошондуктан дарыдарды тиешелүү өлчөмү менен этият берүү зарыл.
Кызыңыз тез сакайып кетсин!