Бир жигитти сүйөм. Кантип ал жигитке жетсем болот, эмне аракет жасашым керек?
Бир жигитти сүйөм, ансыз жашоомду элестете албайм. Бирок ал, сүйөөрүмдү билбейт. Кантип ал жигитке жетсем болот, эмне аракет жасашым керек? Күнү-түнү оюмдан кетпей кыйналам.
Ширин Амантурова
Психолог
Узаткан сурооңузга караганда жаш кыз окшойсуз. Сүйүү сезимине кабылып, ошол сезимди сезе билген адамды бактылуу десек да болот. Бирок жоопсуз сүйүүгө туш болсоңуз сиз эле кыйналасыз.
Жактырган адамыңыз сезимиңизди билбейт экен. Ал адамды сыртынан көрүп жүрсөңүз таанышып көргөнгө эмнеге болбосун?
Сурооңуз толук жазылбагандыктан кеңеш берүү кыйынчылык жаратып жатат. Ал жигит сиз менен чогу окуйбу же кесиптешиңизби?
Эмне болгон күндө да кандай болсоңуз ошол боюнча калыңыз. Киймиңиздин стилин, чач жасалгаңызды өзгөртүп көрүңүз, бирок ал жигит үчүн өзүңүзгө таандык сапаттарыңызды жоготпоңуз.
Күнү-түнү оюңуздан кетпей жатса, сизди алаксытчу жумуш табыңыз. Бош олтурбаңыз, убакытыңызды туура пайдаланыңыз. Эң негизгиси өзүңүздүн ички туюмуңузду угуңуз.
Жашооңузду эмне себептен ансыз элестете албайсыз? Ал балага чейин деле жашап келгенсиз да. Айтайын дегеним өзүңүздү сыйлай билиңиз. Эгер ал бала сизди жактырып калса, бирге болуу үчүн баардык аракеттерди көрөт.