Сүйлөшкөн кызыма сезимдерим өчүп бараткандай. Эмне кылсам болот?
Мен 16 жаштамын. Бир жыл мурун классташ кызымды сүйүп калып, экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Бирок азыр ага болгон сезимдерим өчүп бараткандай. Ал болсо мени дале сүйөт, чалат, жазат. Мен аны менен сүйлөшкүм келбейт. Мурункудай кызыгуум жок. Эмне кылсам болот?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Мамиле бул тынымсыз өнүгүп турган процесс, анын бир нече стадиялары болот.
Биринчи жылда кубаныч гормондору канга абдан көп ташталат. Муну эйфория, сүйүү, мамилелердин жаңыдан калыптануу мезгили, деп коет. Бул учурда ойдун бардыгы сүйүү объектисине багытталып, аны менен бир бүтүн болгуңуз келет.
1-1,5 жылдан кийин өнөктөштөрдүн бири өзүн өз алдынча инсан экенин түшүнө баштайт. Мурунку жашоосуна кайтып келет. Сүйгөнүнөн башка жеке кызыгуулары, достору бар экенин түшүнөт.
Сиз азыркы тапта ушул стадиядан өтүп жатат окшойсуз. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындай этаптан жуптардын бардыгы өтөт.
Мамилеңиз гармониялуу өнүгүшү үчүн сүйлөшкөн кызыңыз да өзүнүн жашоосуна, кызыгууларына кайтып келиши керек.
Ачык сүйлөшүп алып, кыска тыныгуу алсаңар да болот. Бул сунуш гана, маселени өзүңүз чечесиз.
Ийгилик!