// //

Күйөөм кайын эжемдикине кетип калып, келбей жүрөт

2019.07.25, 10:23
1071

Күйөөм менен жашаганыма беш жыл болду. Ортодо төрт жаштагы бир уулубуз бар. Акыркы күндөрү менин андан, анын менден көңүлү жок болуп, жашообуз суз мамилелер менен коштолуп келе жатат. Жолдошум түндө достору менен жүрө бергендиктен урушуп кеткенбиз. Ал кайын эжемдин үйүнө кетип калып, келбей жүрөт.

Балам күндө атасын издеп жатат. Баламдын көңүлүнө карап чакырсам да келбей жүрөт. Баламды кантип алдайм, сагынганын айтканда жүрөгүм эзилип, өлүп алгым келип кетет. Жолдошума СМС аркылуу “балаң сагынып жатат” десем да, кабар алган жок.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.07.2019, 10:25

Бермет Наралиева

@bermetnaralieva

Психолог

Азыркы абалыңызды түшүнүп турам. Бул жашооңуздагы жагымсыз, оор жана татаал учурлардын бири.

Төмөнкү суроолорго жооп берип, өз алдынча анализ жүргүзүп көрүңүзчү:

  1. Мындай кырдаалга кабылып, башыңызга мүшкүл түшкөнүнө ким күнөөлү?
  2. Себеби эмнеде?
  3. Эмне үчүн эркек үйдөн качып кетти?
  4. Талаш-тартыштын чыгышына кандай себептер бар?
  5. Маселени таарынычсыз чечсе болот беле?

Сиз чындыктын бир тарабын гана айтып жатасыз. Ар бир фактынын экинчи тарабы дагы болот. Бул болгон окуяга сиз же жолдошуңуз эле күнөөлү эмес. Түгөйүңүз дагы баарын анализдеп көрүшү керек. Уруштун себебин өзүңүздөн дагы издеп көрүңүз.

Турмуш куруп, бир үй-бүлө болоор күнү экөөңөр бири-бириңерди тандап, жашоодогу баардык кыйынчылыктарга чыдоого бел байлагансыңар да туурабы? Турмуштагы жаман-жакшыга, бар-жокко чыдап, мүнөздөрүңөргө ыңгайлашып жашоо экөөңөрдүн милдетиңер.

Мындай учурда өз алдынча анализ жүргүзүп, акыл таразалоо кыйынга турат. “Коңшуга айтсаң абийриң кетет, доско айтсаң сырың төгүлөт” деген сөз бар, башкага айтып арыздангандан эч пайда жок. Жолдошуңуз менен ачык сүйлөшүүгө аракет кылып көрүңүз. Ортодогу баланын жоопкерчилигин, керт башыңардын жоопкерчилигинен жогору коюп, ойлонуу керек.

Үй-бүлөнү сактап калуу, бир өмүргө бирге болуу сиздин жана сиз тандаган жарандын колунда. Сиз өзүңүздү айкын түшүнө аласызбы? Түшүнбөсөңүз түшүнүү үчүн атайын убакыт, ыңгайлуу шарт күтүүнүн кереги жок. Бул үчүн баардык убакыт жана жаш курак ыңгайлуу.

Сиз үчүн психологдун эшиги дайыма ачык! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт