Кош бойлуумун, ветрянка жугузуп алдым. Балага зыян эмеспи? Гинекологдун жообу
Саламатсызбы. 34 жумалык боюмда бар, ветрянка болуп ооруп калдым. Балага зыяны жокпу?
Машхура Ишмухамедова
Гинеколог
Саламатчылык. Сиз кош бойлуулуктун акыркы үч айына өтүп калыпсыз. Суу чечек (ветрянка) бала үчүн зыяны жок болуп калган, бирок сиз үчүн коркунуч жаратат, себеби мөөнөтүнөн эрте төрөп коюшуңуз мүмкүн.
Сөзсүз түрдө гинекологго барып, дарыланыңыз. Азырынча “зеленка” сүйкөп турсаңыз болот. Эрте күндү кеч кылбай, поликлиникага барыңыз
Ал эми кош бойлуулуктун биринчи үч айында Суу чечек оорусу менен ооруган учурда дарыгерлер, жасалма жол менен кош бойлуулукту токтотууну сунушташат. Себеби бойдон түшүп калуу же өлүк төрөлүү коркунучу жогору.
Ошондой эле төрөт күнүнө 4-5 күн калганда да ооруну жугузуп алганда балага да жугүзуу коркунучу 10-20%ды, төрөлгөндөн кийин чарчап калуу 20-30%ды түзөт.
Тезирээк сакайып кетиңиз!