Күйөөм менен кайын энемдин мамилеси начар. Кантип жардам берсем болот?
Саламатсызбы bilesinbi.kg. менин суроомо жооп алып бериңизчи. Күйөөм өз апасы менен мамилеси начар, бири-бирин түшүнүшпөйт жана тил табыша алышпайт. Экөөнүн мамилесин жакшыртууга канча аракет кылдым, майнап чыккан жок.
Себеби эмнеде экенин түшүнбөйм. Экөө бир жерде чогуу отура алышпай, сөзсүз уруша кетишет. Жада калса, жакшылык-жамандыкка да апасынын үйүнө жибербейт. Телефон чалсам, “чалба” – деп урушат. Элден уялып бүттүм. Сен келгенден бери апасы менен к4атышпай калды деп мени жаман көрүшөт.
Суранам, кеңеш бериңизчи, экөөнүн мамилесин кантип жакшырта алам?
Асель Баимбетова
Психолог, @ Psihologiya_kg
Урматтуу айым. Мамилени жакшырткыңыз келгени мактоого татыктуу. Үй-бүлөдөгу ынтымакты сактоо керек экенин түшүнгөнүңуз абдан жакшы. Бирок алардын мамилесин оңдоо сиздин колуңуздан келбейт жана сиздин компетенцияңызга кирбейт.
Бала менен эненин мамилеси сиз келгенге чейин эле калыптанып калган. Демек экөөнүн ортосунда бири-бирине болгон таарыныч бар. Чынында эмне болгонун сиз билбейсиз.
Сиз башкалардан уялгандыктан экөөнү элдештиргиңиз келгендей сезилип жатат. Куткаруучунун ролун ойнобой эле коюңуз. Күчкө салып, мамилени эч качан оңдой албайсың. Ар бири өзү түшүнүшү керек, жана элдешүүнү каалашы керек.
Кайын энеңиз менен мамиле кургуңуз келсе, күйөөңүз аркылуу эмес, өз алдынча курсаңыз болот. Балдарыңызга “бул силердин чоң энеңер, аны сыйлагыла”, деп үйрөтсөңүз болот. Жардам бериңиз, майрамдарда куттуктаңыз, белек алып бериңиз, колуңуздан келсе кем-карчысын толуктап туруңуз. Бирок күйөөңүз үчүн эмес, эл эмне дейт дегендиктен эмес, чындап ошону каалап, ак-ниетиңиз менен жасаңыз.
Бактылуу болуңуз!