Жыныс мүчөм турбай эле уругум түшүп калат. Бул кандай оору? Уролог жооп берет
Саламатсызбы. Жашым 28, бойдокмун. Кээде жыныс мүчөм турбай туруп, уругум түшүп кала берет. Бул кандай оору?
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, уролог
Саламатчылык. Сиздин сурооңузда маалымат өтө аз. Ошондуктан толук жооп берүү кыйын. Бизге келип көрүнүңүз. Анализ тапшырып, оорунун симтомдорун билгенден кийин кандай оору экенин жана аны кантип дарылоо керектигин так айтып бере алам.
Ошондой эле жыныс мүчөңүздөн урук эмес, ириң агып жаткан болушу мүмкүн. Мындай ооруу уретрит – деп аталат.
Анын симптомдору төмөнкүдөй:
- жыныс мүчө кычышат, ачышат;
- заара кылганда оорутат;
- тез-тез туалетке барат;
- заара чыгуучу каналдан ириң чыгат: жыты жагымсыз, кээде кан аралаш болот.
Бул ооруга себепкер:
- суукка урунуу;
- баш аламан жыныстык катнаштар;
- жеке гигиенаны сактайбай коюу;
- заара жыныс системасынын инфекциялык оорулары: цистит, вульвовагинит, бактериалдык вагиноз ж.б.
Уретритти комплекстүү дарылоо зарыл. Медициналык препараттар менен катар физиотерапиялык процедуралар да жазылат.
Ден соолукка өз маалында кам көрүңүз!
Уролог Азат Бейшенов менен инстаграмдагы urologyazat _kg аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.