Дарыланып жатканда боюма бүтүп калды, эмне кылышым керек? Гинеколог жооп берет
Мен хламидиздон дарылангам, 6 айдан кийин боюма бүтүп бирок, бала өспөй түшүп калды. Укол алып дарылангандан кийин кайра кош бойлуу болдум, 6 жума болгондо кайра өспөй калыптыр. Тазалатып, антибиотик алдым. Азыр тест салсам дагы боюмда бар экенин билдим. УЗИге бара элекмин. Анализ тапшырсам жыйынтыгы кандай болот? Эмне кылсам?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Урматтуу айым, сиз сөзсүз түрдө генетикке кайрылып, анын консультациясын алышыңыз керек. Токтоп калган эки кош бойлуулук жана дарылык препараттарды ичкениңиз нормалдуу кош бойлуулукка таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок алгач УЗИге түшүп, боюңузда бар же жок экенин билип алуу зарыл.
Ошондон кийин эмне кылып, андан ары кандай чара колдонуу керектиги белгилүү болот.
Ден соолукта болуңуз!