// //

Паспорт столдогулар улам бир документти алып кел деп мени кыйнап жатышат

2019.07.23, 10:05
1450

Саламатсызбы. Мен эч жерде катталган эмесмин паспорт алуу үчүн тааныштардын үйүнө каттоого турайын дегем. Паспорт столдогулар кызыл китеп алып кел дешти. Алып барсам эми техпаспорт керек деп, эки күндөн бери кыйнап жатышат. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.07.2019, 10:24

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы

Саламатчылык. Каттоого туруу үчүн сизге:

  • үйдүн кызыл китеби;
  • үйдүн техпаспорту;
  • жана үйдүн кожоюнунун нотариуста таризделген макулдугу керек.

Бул мыйзамдын талабы. Биз мыйзамдын чегинде иш алып барууга милдеттүүбүз. Сизге атайы эч ким тоскоол кылбайт. Керектүү документтердин жана маалымкаттардын тизмегин жазып алып, толугу менен даярдап барсаңыз, көп убара болбойсуз.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
23.07.2019, 15:30

Уйу жоктор кайсы Кызыл китепти алып барат. Тех паспорт деген эмне. Мисалы биз квартира да турабыз уй жайыбыз жок. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт