Паспорт столдогулар улам бир документти алып кел деп мени кыйнап жатышат
2019.07.23, 10:05
1640
Саламатсызбы. Мен эч жерде катталган эмесмин паспорт алуу үчүн тааныштардын үйүнө каттоого турайын дегем. Паспорт столдогулар кызыл китеп алып кел дешти. Алып барсам эми техпаспорт керек деп, эки күндөн бери кыйнап жатышат. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.07.2019, 10:24
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатчылык. Каттоого туруу үчүн сизге:
- үйдүн кызыл китеби;
- үйдүн техпаспорту;
- жана үйдүн кожоюнунун нотариуста таризделген макулдугу керек.
Бул мыйзамдын талабы. Биз мыйзамдын чегинде иш алып барууга милдеттүүбүз. Сизге атайы эч ким тоскоол кылбайт. Керектүү документтердин жана маалымкаттардын тизмегин жазып алып, толугу менен даярдап барсаңыз, көп убара болбойсуз.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп