// //

Түнү менен уктай албай чыгам. Эмне кылсам болот?

2019.07.22, 16:49
5131

Саламатсызбы! Мага жардам бериңизчи. Мен түнү менен уктай албай жатам. Күндүзү да уйку жок. Кээбир күндөрү эки күн катары менен уктабай жүрүп калам. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.07.2019, 16:52

Асель Сыдыкбекова

Терапевт

Окурман, уйку катуу нерв болгондо, ой-санаа басканда, көп ойлонгондо бузулат. Эгер башка жактарыңыз оорубаса психологго же психотерапевтке кайрылсаңыз туура болот.

Ширин Амантурова

Психолог

Адистер уйкусуздуктун эки түрүн бөлүп карашат:

  1. Физиологиялык;
  2. Психологиялык.

Психологиялык уйкусуздуктун бирден бир түпкү себеби – узак убакытка созулган депрессия, башынан  өткөрүп жаткан стресс, чечилбей жаткан ой-санаалар.

Көйгөй жараткан маселени чечкенде гана уйкусуздук өзүнөн өзү жоголот. Эң негизгиси түпкү маселени чечиңиз. Бул уйкусуздук эмнеден кийин пайда болду? Көйгөйлөрүмдү кантип чечем? Ушул сыяктуу суроолорго жооп берип, маселени чечүү жолун издеңиз. Жылуу ванна, сейилдөө, көйгөйлөрдөн алыс болуу, унуткаруу уйкусуздуктан арылууга жардам берет.

Ден соолукта болуңуз! 

0
Пайдалуу жооп
Р
Роза
24.07.2019, 00:41

Уйкусуздук нерфтен болот,ар нерсени ойлоно берсен таакыр уктай албайсын,мен да туну жакшы уктай албайм,ошондуктан баардык нерсеге кол шилтеп,унутканга аракет кыл.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт