// //

Жети айлык кош бойлуумун, жолдошум туугандары менен бирге үйдөн кууп чыкты

2019.07.22, 15:45
1133

Турмушка чыккам, никеге турганбыз, үлпөт той беребиз дешкенинен нике күбөлүгүн алган эмеспиз. Эки жарым ай өткөндө боюмда болгон, токсикоз болуп жатканда үйүмө сурансам жибербей койгон. Жолдошум мени таарынтып, ''кетем үйгө” деп айтканга мажбур кылган. Ал ата-энемдин үйүнө жеткирип берген.  Мен ыйлап кала бергем. Бир-эки күндүн ичинде туугандары атырылып УЗИге түшүртүп, “бала биздики эмес” дегенге чейин барышкан. “Сотко кайрылбайм, кетип калганыма өзүм күнөөлүмүн, кайрылып келбейм” деп кат жаздыртып алышкан.

Жолдошума таарынып сүйлөшкүм келбей калган. Ошол кезде чалып, тынчымды алып көп ыйлатчу. Кээде эсим ооп жыгылып калчумун, буга курбу кыздарым күбө. Күйөөм төрт айга жок болуп кетти. Эми кайра пайда болуп, кечирим сурамыш этип, үмүт берип,  кайра качып мени менен сүйлөшүүдөн баш тартып жүрөт. Үйүнө барсам, туугандары келип уруш чыгарып кетишти. Жети айлык боюмда бар экенине карабай, "кубалап болсо да кетир" – деп жолдошумду  мага тукурушту. Өзүмдү жаман сезип жатам, эмне чара көрсөм болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.07.2019, 15:55

Нурислам Раимжанов 

Юрист 

Сурооңузда үй-бүлөнү сактап калуу аракетин көрүп жатканыңыз билинип турат.  Жолдошуңуз  бирге жашоодон качып, тууган-уруктары сизге каршы басым көрсөтүп жатыптыр. Эгер туугандары сизге бетме-бет келип же телефон коркутуп-үркүтүүлөрдү кылса аймактык милицияга арыз менен кайрылыңыз.

Мыйзам бирөөнү мажбурлап турмуш курууга уруксат бербейт. Нике эки тараптын тең макулдугу менен түзүлүшү керек. Сиз жолдошуңуз менен ачык сүйлөшүп, туугандарыңыз менен кеңешип чечим чыгарсаңыз туура болот.

Бала төрөлгөндөн кийин, анын аталыгын аныктатып жолдошуңуздан алимент өндүрүп алууга укуктуусуз. Бала 3 жашка чыкканга чейин баланы карагандыгыңыз үчүн алимент өндүрүүгө мыйзам толук түрдө сизге укук берет. Ошол укутарыңызды пайдаланыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт