Балам "апа, ата" деген кыска сөздөрдү гана айтат. Эмне кылсак болот?
Балам 3,5 жашта. Тили жакшы чыга элек. "Апа, ата, мама, папа" деген кыска сөздөрдү айтат же бир сөздүн башын эле айтып коюп андан ары улап кете албайт. Кээде ыйласа оозунун, көзүнүн үстү көгөрүп кыйналып кетет.
Невропатологго алып барсак жомок окуп, бийлеп, беш таш ойногула анан жакшы болот деп айтты. Жүрөгүн тарттырып көрсөк жакшы экен. Же невропатологдун айтканы туурабы? Сүрөттүү китептерди, оюнчуктарды алып келип берсек кызыкпай жатат, тытып ыргытып салат. Кеңеш бересизби?
Анара Базаркулова
Педиатр
Урматтуу айым, балаңызды дагы башка невропатологго көрсөтүп көрүңүз. Неврологиялык патология жок болсо, беш жаштан өткөндө сүйлөп кетет. Көп эркелетпей, акырын үйрөтүп тарбиялоо керек.
Кошумча Электроэнцефалография (ЭЭГ), эхоэнцефалография (ЭхоЭГ), ЭГГ, ошондой эле жүрөгүн Эхо кардиограммага тарттырыңыз.
Балаңыздын тили эрте жана так чыксын десеңиз бул 7 кеңешти окуп көрүңүз.
Балаңыз ден соолукта болсун!