Баланын тили эрте жана так чыксын дегендерге 7 кеңеш
Доктор Комаровский атактуу педиатр, тили чыккан балдардын сүйлөө речин өнүктүрү үчүн 7 жөнкөй кеңеши менен бөлүштү. Bilesinbi.kg Евгений Олеговичтин кеңештерин сизге сунуштайт.
- Бүт бардыгын сүрөттөп бериңиз
Кайсы жерде жүргөнүңөрдү, эмне кылып жатканыңарды, тегеректе кандай окуялар болуп жатканын, аба ырайын, табияттын кубулуштары тууралуу айтып бериңиз.
- Суроо бериңиз
Балаңыз суроого жооп бере албаса деле сурай бериңиз. Суроо бергенде интонацияңызды ошого ылайыктаңыз.
- Окуяларды айтып бериңиз
Кандайдыр бир буюмду көрсөңүз же кызыктуу окуяга туш болсоңуз, ал тууралуу балага максималдуу маалымат бергенге аракет кылыңыз. Жөнөй бирок түшүнүктүү сүйлөңүз. Татаал терминдерди колдонуунун зарылчылыгы жок.
- Позитивдүү болуңуз
Бир нерсени айтып берүү, сүрөттөө сиз үчүн формалдуу милдетке айланбасын. Баланы кызыктырып, жылмайып, үнүңүздү табышмактатып же шаңдуу кылып айтып бериңиз. Баарлашуу сиз үчүн да бала үчүн да жагымдуу процесс болсун.
- Кичинекей балача сүйлөбөңүз
Кичинекей балдар биз ойлогондон көбүрөөк түшүнүшөт. Ошондуктан сүйлөгөндө тамгаларды так эмес, сөздөрдү кыскартып, кичинекей балача чулдурап сүйлөөгөнгө такыр болбойт. Чоң адам менен сүйлөшүп жаткандай бирок жөнөкөй сөздөр менен сүйлөшүңүз.
- Кол жаңсаңыз
Вербалдык эмес сүйлөшүү бала үчүн маанилүү. Бир нерсени айтып бергенде кол жаңсап, жандуу эмоция менен баяндаңыз. Көбүрөөк кучактап, колунан кармап, бетинен өбүңүз.
- Токто жана ук
Балаңыз сизге сүйлөп жатканда жөн гана баш ийкеп, “ии, ооба, бар эми ойно”, - деп, кайдыгер мамиле кылган болбойт. Сизге айтып берип жаткан окуясын укмуштуудай кино көрүп жаткандай кызыгуу менен угуңуз. Жасап жаткан ишиңизди токтотуп коюп, балага 2-3 мүнөт бөлүңүз. Көздөрүн карап, дитиңизди коюп, чын дилиңизден угуп жатканыңызды көрсөтүңүз. Сөзсүз жооп бериңиз.