Депортация болгондордун катарынан чыккан, чыкпаганымды кантип билсем болот?
2015-жылы Казакстандан депортация болгом. Мамлекеттен чыгып кетүүмө бир канча убакыт берген. Шартка байланыштуу ал убакытта чыга албай калып, башка жолдор менен чыккам. Азыр депортация болгондордун катарынан чыккан, чыкпаганымды билбейм. Чек арадан өткөн каттоом дагы жок болсо керек. Кайсыл жактан текшерип, маалымат алсам болот?
Чыңгыз Мырзабеков
Юрист
Бул маселе боюнча КР Эмгек жана миграция министрлигине расмий арыз менен кайрылсаңыз болот. Себеби Казакстанда биздин министрликтин өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси иш жүргүзөт. Алардын башкы максаты КР жарандарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.
Өлкөдөн депортация кылуу эки жол менен жүргүзүлөт:
1. Соттун чечими менен,
2. Административдик протоколдун негизинде.
Кайсыл жол менен депортация болгон болсоңуз да аткаруу ыкмасы, мөөнөтү көрсөтүлөт. Ошондуктан так маалыматты Миграция кызматынан алыңыз.
КРнын Конституциясынын 33-беренесине ылайык, ар ким мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелердеги же уюмдардагы өзү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышууга укуктуу.
Ийгилик каалайм!