// //

Кайын атам алып берген үйдү жолдошум тартып ала алабы? Адвокат жооп берет

2019.07.19, 11:44
1139

Жолдошум менен жашабай калганыбызга бир жылга чукулдап калды. Шаарга иштейм деп кетип, дайыны жок жоголуп кеткен. Ошондон бери жардам берген эмес.

Ата-энесинин үйүндө жашап кыш өттү. Төрт бала менен каражаты жок калып калдым. Эки айдан бери декреттик отпускаман чыгып, балдарымды эптеп багып жатам. Ажырашайын десем, макулдугун бербей койду.

Бирок, үйдү атам алып берген, бошоткунуң деп жатат. А мен төрт балам менен кайда барам? Сотко кайрылсам утулуп калбаймынбы?

Күйөөмдүн ата-энеси колунда бар кишилер. Кайын атам көчөдө каласың, эч кандай укугуң жок, деп жатат. Эмне айла кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.07.2019, 11:44

Ширин Алмазова

Адвокат

Саламатсызбы! Эгер үй никеде турган учурда сатылып алынган болсо, демек бирге жашап жаткан учурда тапкан мүлк болуп саналат. Бул, сиз сотко кайрылып, үйдү жолдошуңуз менен сизге, тең экиге бөлүүнү талап кыла алат, дегенди билдирет.

Бирок, дагы бир фактыны эске алуу зарыл. Үй кандайча берилген? Эгер белек катары берилген болсо, анда бирге тапкан мүлк болуп саналбайт. Ал эми сатып алуу келишими түзүлсө, анда сиз үйгө талапкер боло аласыз.

Сотко ажырашуу арызы менен кайрылсаңыз, жолдошуңуздун баш тартканына карабай, сот бир тараптуу ажыраштырып кое алат. Дароо бирге тапкан мүлктү бөлүштүрүү жана алимент өндүрүү тууралуу арыздарын жазыңыз.

Кыргыз Республикасы боюнча, 2019-жылга карата минималдуу айлык 1750 сом болуп саналат. Демек бир жылдык кирешеңиз 105000 сомдон ашпаса, мамлекеттен акысыз юридикалык жардам алсаңыз болот.

Адистердин тизмеги, дареги жана телефондору бул жерде.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт