Баламдын жөтөлү кетпей жатат. Эмне кылсам болот? Педиатр жооп берет
Саламатсызбы. Менин кызыма 6 ай болду. Жөтөлү такыр кетпей койду. Педиатрыбызга көрүнүп дарынын түрүн бердик, антибиотик да ичти, свеча да койдук, эч нерсе жардам бербей койду. Эмне кылсак болот?
Елена Халитова
“Семья и Здоровье” клиникасынын адиси, педиатр
Саламатчылык. Баланын жөтөлүнүн себебин аныктоо үчүн баланын өзүн көрүү зарыл.
Жөтөлдүн себептери түрдүү болушу мүмкүн, мурун бүткөндө жөтөлөт, анткени какырык кекиртектин арткы жагын сезгентет, апасы жеген азыктын бирине аллергия болушу мүмкүн, же болбосо сиз жөтөлдөн деп берип жаткан таттуу сироптор да жөтөлгө себепкер болушу мүмкүн. Обструктивдүү бронхит болгондо да жөтөл көпкө чейин кетпейт.
Айтор, себептер өтө көп. Баланы толугу менен текшерүүдөн өткөрүү керек. Анын анализдердин көлөмүн дарылаган педиатр өзү аныктайт.
Чынын айтканда, интернет аркылуу консультация алган абдан кооптуу. Өз алдынча үйдөн дарылабаңыз. Ар дайым педиатрдын көзөмөлүндө болуңуз.
Кызыңыз тез сакайып кетсин!