Кош бойлуу болгондон кийин мойнума майда сөөлдөр чыгып кетти. Бул эмнеси?
Саламатсызбы. Жакында турмушка чыккам. Кудайга шүгүр, боюмда бар. Сурайын дегеним кыз кезимде мойнумда 2 сөөл бар болчу. Кош бойлуу болгондон бери көбөйүп кетти. Учетко турганда вируска жана инфекцияга текшерилгем. Бардыгы таза чыккан. Бул эмнеден болушу мүмкүн?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Сиз айтып жаткан сөөлдөр папилломалар болушу мүмкүн. Бул вирустук оору, адамдан-адамга жугат. Өзгөчө жеке гигиена буюмдары менен колдонгондо мисалы: мочалка, полотенце, ж.б. аркылуу өтөт.
Папилломалардын түрлөрү абдан көп. Айрымдары эч кандай кыйынчылык жаратпаса, башкалары олуттуу дискомфортко алып келет.
Кош бойлуу учурда ооруу курчушу мүмкүн. Анткени иммунитет төмөн түшүп кеткен. Төрөттөн кийин текшерүүдөн өтүңүз. Кээде папилломалар өзүнөн-өзү жок болуп кетет. Бардыгы иммунитеттен жана жуккан вирустун түрүнөн көз каранды.