// //

Жер сугарууда кыйналып жатам, кайда, кимге кайрылам?

2019.07.18, 15:07
630

Менин чарбагым (огород) 30 сотых болгонуна байланыштуу суугаруу үчүн көп сууну талап кылат. Мурун суу төрт кошунамдын чарбагынан өтчү. Суу жакшы жетип, жер сугарууда кыйынчылык жаралчу эмес. Кийин бир кошунам арыгын бекитип салып, сууну башка кошунанын чарбагынан өткөрүүнү сунуштаган. Биз айла жок макул болгонбуз. 

Кийин билсек суу 7-8 адамдын чарбагынан өтүп келет экен. Азыркы учурда кошунам экөөбүз абдан кыйналып жатабыз. Биринчиден суунун баары жетип келбейт, сууну жыгып келгенден жарым саат өткөндө гана келет. Мурун эки жумада кезек келсе, азыр бир айда бир келет.  

Эми ошол арыкты кайра калыбына келтире аламбы? Кимге же кайсыл жерге кайрылышым керек? Жооп үчүн алдын ала рахмат! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.07.2019, 15:18

Чыңгыз Мырзабеков 

Юрист 

Окурман, бул маселени түздөн түз жергиликтүү бийлик чечип берет. Себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктү, аткаруучу орган. Сиз жашаган айыл өкмөт башчысына, сиз шайлаган жергиликтүү кеңештин депуттарына арыз менен расмий түрдө кайрылыңыз.

Мындан сырткары ыңгайсыздыктарды жоюу, тактап айтканда суу келген арыкты мурдагы калыбына келтирүү жөнүндө тиешелүү адамды милдеттендирүү жөнүндө райондук сотко доо койсоңуз болот.

Эгерде райондун борборунан алыс жашасаңыз, ар бир айыл өкмөттүн алкагында "Аксакалдар соту" деген коомдук орган иштейт. Ошол жака дагы кайрылуу жасасаңыз болот. Аксакалдар сотунун негизги милдети жарандардын бузулган же талаш-тартышка түшкөн укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Ийгилик! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт