Үйүбүзгө конок келип, баарыбызга оору жугузуп кетти
Саламатсызбы. Мындан эки жыл мурун үйүбүзгө конок келип, бир ай жашап кеткен. Баарыбызга оору жугузду. Чыканак, тизеге, манжаларыбыздын арасы кытышып, ыйлакчалар пайда болуп, суу чыгат. Түнкүсүн күчөйт. Бардыгыбыз тырманып чыгабыз. Аптекадан нитробензобензоат, синафлан, фторокорд дарыларын алып сүйкөдүк, акырындык менен кетти. Бирок маал-маалы менен, мисалы, чөп кармаганда, кайрадан пайда болот. Үйдөн дарылангандан башка шартыбыз жок. Дерматологдон кеңеш алып бериңизчи?
Бакыт Курманалиева
“Эркай” клиникасынын адиси, дерматолог
Саламатчылык. Силер жазып жаткан симптомдор котурдун белгилери. Түшүнгөнүмө караганда ооруңар айыккан, бирок кээде кайра пайда болуп турат экен. Шарт болгондо, жок дегенде кичинекей балдарыңыздын канын анан заңын анализге тапшырууга аракет кылыңыз. Сөзсүз эртең мененки, колдон келсе жылуу бойдон лабораторияга жеткирсеңиз, жыйынтыгы так чыгат.
Тилекке каршы так диагноз коюлмайынча дарылоо эффективдүү болбойт. Фторокордду колдонгонуңарга көп болсо алмаштыруу керек. Кичинекей балдарыңарга жазып берейин.
Жашы 5тен жогору болсо:
Лецетзи – таблетканын жарымын күнүнө 2 жолу, 10 күн.
Тридокс мазь – денеге сүйкөө күнүнө 2 жолу
Эгер мите курттар жок экени аныкталса, витаминдерди кошо жазып берсе болот.
Диета кармоо зарыл. Бул азыктарды жегенге болот:
- сууга, бууга бышкан уйдун эти, балык;
- күрүч, гречка, арпадан жасалган ботко;
- сүт азыктары, йогурт, кефир, быштак;
- сууга бышкан картошка, капуста, салаттын жалбырактары, укроп;
- мөмө жемиштерден алма, алмурут, кара өрүк;
- кургак нан (сухарики);
Болбойт:
- койдун эти, беш бармак;
- майлуу, куурулган, туздуу, ачуу тамактар;
- нак сүт, майонез;
- ундун жогорку сортунан жасалган азыктар, таттуулар;
- газдалган суусундуктар;
- цитрус мөмөлөрү, лимон, апельсин, мандарин, ананас;
- жаңгактар, жер жаңгак, бадам, семичке;
- спирт ичимдиктерин ичүү жана тамеки чегүү.
Үйдү таза кармоо, жеке гигиенаны сактоо, шейшептерди тез-тез алмаштыруу зарыл.
Тезинен сакайып кетиңиз!