// //

ID паспорт менен жарандык паспортто атым ар башка жазылган. Көйгөй жаратпайбы?

2019.07.17, 16:16
810

Саламатсызбы. Менин ID паспортумда атым Aliya деп жазылган, ал эми жарандык паспортто ALIIA деп турат. Чет өлкөгө чыга турган болсом көйгөй жаратпайбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.07.2019, 16:17

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы

Саламатчылык, урматту окурман. Эки паспортто атыңыз латын тамгасы менен эки башка жазылуусу коркунучтуу эмес жана көйгөй жаратпайт. Антип жазылышынын жүйөлүү себеби бар.

Жарандык паспортто жазылганы - атыңыздын транскрипциясы, башкача айтканда, туура окулушу, айтылышы. Чет өлкөгө кадимкидей чыга бересиз.

Эгер кириллица тамгасында атыңыз эки башка жазылса, анда маселе жаралмак.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт