Күйөөмө моралдык жактан кантип колдоо көрсөтө алам? Психолог кеңеш берет
Саламатсызбы. Психологдон кенеш алып бересизби? Күйөөмдүн баштаган иштери эч эле жылбайт. Дайыма негативдүү маанайда жүрөт. Моралдык жактан кандай жардам берсем болот?
Карлыгаш Акимкулова
"Psihoanaliz.kg" психотерапия борборунун психотерапевти, @psihoanaliz_kg
Жолдошуңуз өзүнө болгон ишенимин жоготуп алса керек. Аны ой басып, депрессияда да болушу мүмкүн. Ар дайым эле жаманды ойлой берген абдан оор. Мындайда психика көтөрө албай адам ооруп калышы же ичип кетиши мүмкүн.
Анан албетте, негативдүү маанайда иш алдыга жылбайт. Негизи көйгөйдүн баары анын өзүндө. Бирок, сиз кандай колдоо көрсөтө алам - деп сурап жатасыз.
Сиз аны негативдүү ойлордон эс алдырып, көңүлүн башкага бурсаңыз болот. Өзүңүздүн сүйүүңүз менен ага энергия бериңиз. Эркектер өздөрүн жеңүүчү, үй-бүлөнүн коргоочусу, камсыздоочусу сезиши керек. Ошошдо өзүнө болгон ишеним пайда болуп, иши да жүрө баштайт.
Жолдошуңузду сыйласаңыз, сыймыктануу менен карасаңыз, ал да өзүн сыйлай баштайт.
Кеңеш сураганда ой-пикириңизди айтып, маселени чечүү жолдорун сунуштаңыз. Анын чечимдерин колдоңуз. Ошондо бардыгы калыбына түшөт.
Бактылуу болуңуз!