Баламдын эмгеги кичинекей, коркунучу жокпу? Педиатр жооп берет
Саламатсызбы. Баламдын эмгеги төрөлгөндө кичинекей эле. Азыр 3 ай болуп калды. Доктурдун көрсөтмөсү менен дарыланып жатабыз. Эмгектин эрте бүтүп калышы коркунучтуу эмеспи?
Елена Халитова
“Семья и Здоровье” клиникасынын адиси, педиатр
Бул суроо баланын эмгеги эрте жабылып калса, башы жакшы өспөй калат деген коркуу сезимине байланыштуу. Бирок баланын баш сөөгүнүн өсүшү эмгегинин эсебинен эмес, сөөктөрү бириккен жердеги ткандардын эсебинен өсө турганы эбак эле далилденген. Ошондуктан эмгегинин эрте бүтүп калышы бул процесске эч кандай таасирин тийгизбейт.
Баланын эмгеги качан бүтүш керек деген так көрсөтмө жок. Анын нормаларынын диапазону кеңири. Мисалы нормага ылайык, эмгек 3 айынан тартып 1,5 жашка чейин толугу менен бүтөт. Эгер 1,5 жашында дале бүтө элек болсо же 3 айында эле бүтүп калса, бул кандайдыр бир оорунун белгиси дегендик эмес.
Сизди көргөн педиатр менен кеңешип көрүңүз. Бирок бүтүп калган эмгек аны дарылоого себепкер боло албайт. Баланын жана апасынын тамактануу системасын да өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок.
Ден соолукта болуңуз!