// //

Хламидиоз инфекциясы деген эмне? Гинеколог жооп берет

2019.07.17, 12:44
5335

Саламатсызбы bilesinbi.kg хламидиоз деген эмне, андан кантип дарыланса болот, ушул тууралуу айтып бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.07.2019, 12:45

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Хламидиоз – бул жыныстык жол аркылуу жугуучу оору. Хламидиоздо жыныс кынынын былжыр чели, жатын, жатын түтүктөрү жабыркайт.

Бул инфекция жукканда эч кандай өзгөчө белгилер болбойт, симптомдору сезгенүүгө окшош:

  • ичтин төмөн жагы ылдый тартып ооруйт;
  • бел ооруйт;
  • заара кылганда ачышат;
  • аз-аздан выделение келип турат.

Бирок бул симптомдо билинер-билинбес өткөндүктөн көпчүлүк аялдар ага көңүл да бурушпайт.

Хламидиоз өтүшүп кеткенде абдан коркунучтуу натыйжаларга алып келет. Алар:

  • жатын түтүктөрүнүн бүтөлүп калышы;
  • тукумсуздук;
  • жатын моюнчасынын эрозиясы
  • кош бойлуулукту көтөрө албагандык;
  • кош бойлуу учурунда суунун аз же көп болушу;
  • мөөнөтүнөн эрте төрөө;
  • инфекциянын плацентага жугушу;
  • төрөт учурунда баланы хламидиоз менен жугузуу.

Хламидиозду дарылоо комплекстүү процесс. Негизги метод – антибактериалдык каражаттар менен дарылоо. Бактыбызга бул инфекция антибиотиктерге аябай сезимтал. Препараттын ылайыктуу тибин тандап, өлчөмүн так аныктоо зарыл. Бейтаптын иммундук системасы жана башка оорулар менен ооруганы, жалпы ден соолугу эске алынат.

Ошондуктан өз алдынча дарыланган өтө кооптуу, инфекцияны өнөкөт оорусуна айландырып салуу коркунучу жогору.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт