Хламидиоз инфекциясы деген эмне? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы bilesinbi.kg хламидиоз деген эмне, андан кантип дарыланса болот, ушул тууралуу айтып бергилечи?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Хламидиоз – бул жыныстык жол аркылуу жугуучу оору. Хламидиоздо жыныс кынынын былжыр чели, жатын, жатын түтүктөрү жабыркайт.
Бул инфекция жукканда эч кандай өзгөчө белгилер болбойт, симптомдору сезгенүүгө окшош:
- ичтин төмөн жагы ылдый тартып ооруйт;
- бел ооруйт;
- заара кылганда ачышат;
- аз-аздан выделение келип турат.
Бирок бул симптомдо билинер-билинбес өткөндүктөн көпчүлүк аялдар ага көңүл да бурушпайт.
Хламидиоз өтүшүп кеткенде абдан коркунучтуу натыйжаларга алып келет. Алар:
- жатын түтүктөрүнүн бүтөлүп калышы;
- тукумсуздук;
- жатын моюнчасынын эрозиясы
- кош бойлуулукту көтөрө албагандык;
- кош бойлуу учурунда суунун аз же көп болушу;
- мөөнөтүнөн эрте төрөө;
- инфекциянын плацентага жугушу;
- төрөт учурунда баланы хламидиоз менен жугузуу.
Хламидиозду дарылоо комплекстүү процесс. Негизги метод – антибактериалдык каражаттар менен дарылоо. Бактыбызга бул инфекция антибиотиктерге аябай сезимтал. Препараттын ылайыктуу тибин тандап, өлчөмүн так аныктоо зарыл. Бейтаптын иммундук системасы жана башка оорулар менен ооруганы, жалпы ден соолугу эске алынат.
Ошондуктан өз алдынча дарыланган өтө кооптуу, инфекцияны өнөкөт оорусуна айландырып салуу коркунучу жогору.