// //

Аялым мени эмес, апасын угат. Жубайына сөзү өтпөгөн күйөөнүн баяны

2019.07.17, 10:44
3815

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакцияга келип түшкөн бул жигиттин катында, аялы кайын энесинин сөзүнөн чыкпаганы айтылат.  

Элдияр, 27 жаш

“Апам айтты”, бир күндө миң жолу уккан сөзүм, аялымдын жактырган фразасы.

Баш кошконубузга 5 жыл болду. Балабыз жок. Экөөбүз тең жумуштан колубуз бошобойт. 

Кыз-жигит болуп жүргөндө эле эрке болчу. Үйлөнсөм өзгөрөр дегем, андай болбоду. Тескерисинче, күндөн-күнгө күчөп барат. Айтканымды укпайт, каалаганын жасайт. Табиятымдан оор басырыктуумун, анын ачуусу мурдунун учунда.

Кайын энем эмне десе баарын жасайт.

Үч күн мурун апасы чалганын, батирибизди которуп, анын жанына барышыбызды каалап жатканын айтты. Батир таап, дарегин да жөнөтүптүр. Эч жакка көчпөй турганыбызды айттым. Эми аялым таарынып, сүйлөбөй жатат. Мен да принципиалдуу түрдө сүйлөбөй жүрөм.

Акыркы убакта, мындай жашоонун мага эмне кереги бар деп көп ойлончу болдум. Балалуу боло электе ажырашып кетсемби?

Адис эмне дейт

Ильдар Акбутин, психолог

Өмүрлүк шеригиңди табуу - эң маанилүү тандоо. Кантип жашап жатканыңыз сизден гана эмес, өнөктөшүңүздөн да көз каранды. Ошондуктан, макулдашуу жана компромисске баруу жөндөмдүүлүгү үй-бүлөгө жардам бере турган абдан маанилүү инструменттердин бири болуп саналат. 

Эгер үй-бүлөңүздө макулдашуу үчүн мүмкүн болгон жолдордун баары бүтсө, анда сиз үчүн никени сактап калуунун мыкты жолу тажрыйбалуу психологго кайрылуу.

Мамилени үзгөнгө ар дайым жетишесиз, бирок үй-бүлөнү сактап калуу үчүн колдон келген бардык аракеттерди жасап көрүү керек.

Ошондой эле, психолог сизге ажырашууну сунуштабайт, анткени ал тагдырыңыз үчүн жоопкерчиликтүү эмес. Ал үй-бүлөңүздү жакшыртуу үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, көйгөйлөрдү иреттөөгө жардам берет. 

Эгер жубайыңыз бир нерсени жакшыртууга даяр болбосо, анда бир тараптын аракети менен гана үй-бүлөңүздү куткарып калуу мүмкүн эмес жана ажырашуудан качып кутулууга болбойт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт