// //

Ашыкча эмгек сааты үчүн акы төлөнүп бериши керекпи?

2019.07.17, 10:03
1022

Саламатсызбы! Учурда бала бакчада тарбиячынын жардамчысы болуп эмгектенем. Кесибим башталгыч классынын мугалими, мектепте орун жок, айласыздан бала бакчага кирип алгам. Бул жакта, 8 сааттык жумуш деп коюшуп, бизди 10 саатка чейин иштетишет. Бирок 8 сааттын эле айлыгын төлөп берет. Эртең менен 7:30га барам, кечки 6да кетем, кээде балдарын унутуп калган ата-энелер үчүн 7ге чейин отурганга туура келет. Отпусканы да жакшы эсептеп бере албай жатышат. Учурда 5000ге жетпеген айлык алам. Бул кылгандары туурабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.07.2019, 10:07

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу окурман, албетте, жетекчиңиздин иш күндөрүңүздүн сааттарын эсепке албаганы туура эмес көрүнүш. КРнын Эмгек кодексинин 90-беренесинде, жумасына жумуш убактысы 40 сааттан ашпоого тийиш деп көрсөтүлгөн. Эгер сиз жумасына 5 күн иштесеңиз, 40ты 5ке бөлөбүз, демек, күнүнө 8 саат иштешиңиз керек. 8 сааттан ашып кетсе, мыйзам боюнча акы төлөнүп бериши керек.

Ошондой эле КРнын Эмгек кодексинин 107-беренесине ылайык иш берүүчү  жумушка келүүнүн жана кетүүнүн эсебин табелдик карточкаларга жазып турушу зарыл. Сиздин канча саат иштегениңизди белгилеп турушу алардын милдети болуп эсептелинет. Өз укугуңузду талап кылбасаңыз, көйгөй ошо бойдон чечилбей кала берет.

Биринчиден жетекчиңизге туура айтып түшүндүрүңүз. Балдарын калтырып кеткен ата-энелерди чогултуп эскертүү бериңиз. Эки жак тең көнбөсө, КРнын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эмгекти коргоо жана эмгектик мамилелер бөлүмүнө арыз менен кайрылыңыз. Алар териштирип, тиешелүү чара көрүшөт.

Ар бирибиз укугубузду талап кылганды үйрөнбөсөк, укуктарыбыз тебеленип жүрө берет!

Ата-энелерге так талап койсоңуз, алар жоопкерчиликти сезип, өз убактысында келишмек. Талап кылбасаңар, алар да боло берет деп жүрө беришет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт