// //

Резюме түзүүдө эмнелерди эске алуу керек? HR-менеджерден 5 кеңеш

2019.07.16, 11:32
1758

Айнура Кошоева иш берүүчүлөр кимди издеп жатканын жакшы билет. Себеби ал миңдеген резюмелерди окуп чыккан, жүздөгөн кызматкерлерди  жумушка алган.

Жумушка кабыл алгыдай кылып кантип резюме түзсөм деп жатсаңыз, ЖЧК "СкайМобайл"дын кызматкерлерди башкаруу боюнча кызматынын директору Айнура Кошоеванын кеңештерине кулак салыңыз.

1. Резюме-сиздин визиттик картаңыз. Мурун көп барактуу резюме жакшы деп эсептелсе, бүгүнкү күндө креативдүү резюмелер утушка ээ болот. 

Инфографика менен түзүлгөн резюме - жаңы тренд!

2. Мотивациялык кат сизди топтон сууруп чыгат. Резюмеңиз мыкты деңгээлде жазылбаса да, башында мотивациялык кат берилсе, маектешүүгө өтүп кетүү мүмкүнчүлүгүңүз жогору болот.

3. Резюмеге жеке сапаттарыңызды жазуунун зарылчылыгы жок. Мурунку жумуш ордуңуздан эмнеге жетише алдыңыз, ошону көрсөтүңүз. Мисалы, “мен менеджер болуп иштеп жүргөндө, ишканага 20 миң кардар таап бергем”.

Резюмеге жалган маалыматтырды жазбаңыз. Кандай болсоңуз, өзүңүздү ошондой көрсөтүңүз!

4. Эч жерде иштей элек болсоңуз, резюмеңизди кантип толтурам деп башыңыз катып турса, катышкан курс, долбоор, сынак, клуб сыяктуу нерселердин баарын эстеңиз. Булар да колуңуздан келбесе, “тажрыйбам жок, бирок мен буларга даярмын” деп жазыңыз. Жумуш берүүчүлөр сиздей эле адамдар, аларды кызыктыруунун жолдорун издеңиз. Чыгармачылыкка орун бериңиз!

Биринчи таасир 30 секунд ичинде калыптанат. Сырткы келбетиңизге көңүл буруңуз, маанайыңыз ачык болсун!

5. Жумушка кабыл албай койсо, эч нерсе болбойт. Болгону ал сиз иштей турчу уюм эмес. Өзүңүз үчүн себебин билип коюңуз. Жумуш берүүчүдөн “Өзүмдүн өнүгүүм үчүн билгим келип жатат, мага эмне жетишкен жок”, - деп сураңыз.

Жан дүйнөңүз каалаган ишке орношуңуз, ошондо гана ар бир күндөн ырахат алаласыз!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт