Айдоочулук күбөлүк канча жаштан бериле баштайт? Эксперт жооп берет
2019.07.15, 18:00
3270
Саламатсызбы. Негизи айдоочулук күбөлүк канча жаштан баштап бериле баштайт? 16 же 18 жаштанбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.07.2019, 18:01
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик катоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатчылык. Айдоочулук күбөлүк категорияларына жараша ар кандай жаш куракта берилет. Мисалы 16 жашка чыккан улан-кыздарга “А” категориясындагы айдоочулук күбөлүк берилет. Бул күбөлүк мотоцикл айдаганга уруксат, дегенди билдирет.
“В” категориясындагы күбөлүк 17 жаштан тартып бериле баштайт. Ал жеңил машине башкарганга уруксат берет.
Ал эми “С”, “D” категориясындагы күбөлүктөрдү алууга 18 жаштан жогорку жарандар укуктуу.
0
Пайдалуу жооп