Кыздын көкүрөгүнөн кыз же кыз эмес экенин аныктаса болобу? Маммологдун жообу
Саламатсызбы. Мисалы кыздык белгисин көкүрөктөн билсе болобу? Кыздыгы жок болсо жумшак болот дейт го? Ошол чынбы?
"Medcenter.kg" медицина борборунун адиси, маммолог
Көкүрөктөн кыз же кыз эмес экенин аныктоо мүмкүн эмес. Көкүрөктөн эмизген же эмизген эмес экенин билсе болот. Башка эч кандай белгилер боюнча кыздык белгинин бар-жогун билүүгө болбойт. Бул жөн гана миф.
Светлана Коздрович
Гинеколог
Бул кайдагы, болбогон миф! Төштү карап кыз же кыз эмес экенин аныктоо мүмкун эмес. Жыныс мүчөсүн да сырттан карап, негизи эле сырткы келбетинен эч кандай белгилер кыздардын кыздык белгисинин бар-жогу туурасында маалымат бербейт. Бул өткөн кылымдагы эски имиштер. Дагы деле ошого ишенүү адамдын организмин такыр билбейт жана кошумча маалымат окубайт дегенди билдирет.