Нике күбөлүгү жок болсо деле баланы атасына жаздырса болобу?
2019.07.12, 11:25
1403
Саламатсызбы. Бала төрөлгөндө, энеси менен атасынын ортосунда нике жок болсо деле, баланы атасына жаздырса болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.07.2019, 12:17
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатчылык. Албетте атасына нике жок болсо деле жаздырса болот. Ал үчүн атасы паспортун алып ЗАГС бөлүмүнө кайрылып, балан анын атына жазылсын деген арыз жазат. Андан тышкары: сиздин паспортуңуз жана төрөт үйүнөн баланын төрөлгөндүгү тууралуу маалымкат керек болот.
Атасы деген графага, менин атыма жазылсын деп арыз жазган адамдын аты-жөнү жазылат.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп