// //

Мен кайын энемди, күйөөм ойношун багат. Бир аялдын күйүтү

2019.07.12, 10:53
10861

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Бул ирет күйөөм башка келинди ээрчип кетти деген айымдын катын жарыялайбыз. 

Динара: Күйөөм чыккынчылык кылды

Жолдошум экөөбүз 25 жыл жашадык. Бир уул, 2 кызды тарбиялап чоңойттук. Куда-сөөк күтчү жашка келгенде, күйөөм ойношуна нике кыйдырып алды.

Ал келинди ээрчип кеткенде, балам окуусун аяктап жаткан, кызым студент эле. Күйөөмдөн эмнеге мындай жолго барганын сурасам, кайра мени сабап, энесине, бир туугандарына, жадакалса балдарыма жамандады. Сабырымды сактайын деп, оорукчан болдум. Ишенгеним балдарым.

Учурда кайын энем менен жашайм. Күйөөм келип кетип турат, апасы менен сүйлөшөт, мага үн катпайт.

Май айында, “мага чалба, сүйлөбө” деген. Айтканын жасадым.

Жашоом кандай болот элестете албайм. Кыргыздын “Эл эмне дейт?” деген стереотибинен арыла албай өтөмбү деп корком. Келечегим туңгуюк....

Адистер эмне дейт

Асель Баимбетова, психолог

Тилекке каршы, акыркы убакта мындай көрүнүштөр көбөйдү: 40 жаштан өткөн эркектер жаш кыз-келиндерге үйлөнүп, параллелдүү үй-бүлө куруп, динди жамынып, экинчи аялдуулукту колдошот. Башкача көз караш менен тарбияланган аялдар үчүн бул жапайы көрүнүш. Анан албетте, тынчсызданып, чыккынчылыкка туш болдум деп ойлойсуз. Жашооңуздун баарын үй-бүлөңүзгө арнап, күйөөңүздөн мындай нерсени күткөн эмессиз.

Аялдын үй-бүлөгө болгон берилгендиги бир жагынан плюс болсо, экинчи жагынан минус.

Айтайын дегеним, үй-бүлөм, балдарым деп жүрүп, карьера жасап, план түзүп, жеке жашооңузга көңүл бурган эмессиз. А күйөөңүз болсо, экинчи вариантты байкаштырып жүргөн, тапканда дароо жармашкан.

Эмне кылсам болот - деп сурап жатасыз? Бул жерде тактай турчу бир канча нерселер бар. Азыр кандай жагдайда жашап жатасыз? Үй-бүлөңүздөн бөлүнүп, өз алдынча жашоого мүмкүнчүлүгүңүз барбы? Кадыр-баркыңыз ушунча тебеленгенден кийин кетип калууга күчүңүз жетеби? Же кетип калсаңыз, жашооңуз оорлошуп кетеби? Туугандарыңыз, балдарыңыз колдойбу? Бул нерселер абдан маанилүү. Жакындарыңыз жөнүндө сурап жатканымдын себеби, эмне кылышты билбей турганыңызда, алардын колдоосу абдан керек.

Күйөөңүз сиз менен сүйлөшпөйт экен, мындай караганда, эми ал күйөөңүз деле болбой калды. Экөөңөрдүн ортоңордогу мамиленин формасы өзгөрдү. Эгер сизге ошол үйдө жашоо ыңгайлуу болсо, жашай бериңиз. Биринчи кезекте, өзүңүзгө караңыз. Бул дагы бир үй-бүлөлүк жашоонун формасы. Албетте, мындай болбошу керек, бирок айла жок.

Ал үй-бүлөдөн бөлүнүп өз алдынча жашоого күчүңүз жетеби? Жетпесе, ал жерде калып, башка варианттарды караштарыңыз. Баары өзүнүздөн эркиңизден көз каранды. Сиз эмнени каалайсыз, ошол маанилүү.

  • Бирөөдөн колдоо издеп, ичиңиздеги ачууну, кайгыны сыртка чыгарыңыз. Күйөөңүзгө жана анын жүрүм-турумдарына эч кандай таасир бере албай турганыңызды, үй-бүлө кезиңердеги мамиле бүткөнүн кабыл алыңыз, албетте бул нерсе кыйын, бирок айла жок.
  • Учурдагы абалыңыздан утурлай, эмне каалап жатканыңызды түшүнүңүз. Өзүңүз, укугуңуз, турак жайыңыз жөнүндө кам көрүп, чечим кабыл алыңыз.
  • Жаңы жашоо, жаңы кызыгуу, жаңы хобби (же эски), өзүңүз курактагы курбаларды табыңыз.
  • Жашоодон башка стилге, статуска өтүү үчүн орточо 6 айдан 2 жылга чейинки убакыт талап кылынаарын билиңиз.

Бактылуу болуңуз!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт