Убактылуу айдоочулук күбөлүк кимге берилбейт? Ушул тууралуу маалымат бериңизчи
2019.07.11, 12:36
1028
Саламатсызбы. Кандай жарандар убактылуу айдоочулук күбөлүк ала алышпайт? Ушул тууралуу кененирээк маалымат бересизби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.07.2019, 12:38
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатсызбы урматтуу окурман. Учурда айдоочулук күбөлүктөр даяр боло элек. Ошондуктан убактылуу күбөлүктөр берилүүдө. Мыйзам боюнча ар бир жаран айдоочулук күбөлүк алууга укуктуу. Эгер документтери толук болсо, эч кандай чектөөлөр болбойт. Убактылуу айдоочулук күбөлүк алуу үчүн:
- 083 үлгүсүндөгү маалымкат;
- паспорт;
- айдоочулук окуусун аяктаганын тастыктаган сертификат;
- курсанттын өздүк карточкасы болуш керек.
Убактылуу айдоочулук күбөлүк бир күндүн ичинде, акысыз берилет.
0
Пайдалуу жооп