Кош бойлуу кезде чач боёсо болобу? Гинеколог жооп берет
2019.07.11, 11:32
8069
Саламатсызбы. Менин 1,5 айлык боюмда бар. Чачымды кырктырсам, боёсом болобу? Баланын ден соолугуна таасири тийбейби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.07.2019, 11:33
Машхура Ишмухамедова
Гинеколог
Саламатчылык. Илимий изилдөөлөргө ылайык кош бойлуу айымдардын чачын кестирип же боёгону менен курсактагы баланын ден соолугу экөөнүн ортосунда эч кандай байланыш жок. Терс таасири боюнча ишенимдүү маалымат жок. Ошондуктан кааласаңыз сырткы келбетиңизди өзүңүзгө жаккандай өзгөртө бериңиз. Болгону, чач боектордун жыты абдан күчтүү болот. Азыркы тапта токсикоз болуп жатсаңыз көңүлүңүз айнып, жытынан башыңыз айланышы мүмкүн.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
0
Пайдалуу жооп