// //

Алтындарыңызды «Элкарт Алтын» картасына сактаңыз болот

2019.07.10, 14:17
1249

"Айыл банк" ААК «МПЦ» ЖАК менен биргеликте жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерине байланыштырылган, Кыргызстандагы биринчи «Элкарт Алтын» төлөм картасын чыгарды. 

"Айыл банк" ААКтын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги «Элкарт Алтын» төлөм картасынын артыкчылыктары:

  • Бул карта алтындын наркы өсүп жаткандын эсебинен акча каражаттарды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет;
  • Алтын куймаларды сатып алууга караганда, жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебинде «Элкарт Алтын» картасын ачканда, куймаларды сактоо үчүн сейфти ижарага алуу зарылчылыгы жок;
  • Акча каражаттарды жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерине салуу валюталык рыноктогу ыңгайсыз өзгөрүүлөргө байланыштуу тобокелдикти төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет;
  • Соода түйүндөрүндө сатып алууларды жүргүзүп, ошондой эле банкоматтан акчаны алып, «Элкарт Алтын»  төлөм картасынын жардамы менен эсеп боюнча калдыктарды башкарса болот.

Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебинде «Элкарт Алтын» төлөм картасын ачуу үчүн "Айыл банк" ААКтын каалаган филиалына келип, талап кылынган документтерди берүү зарыл:

  • "Айыл банк" ААК менен келишим түзүү;
  • Акча каражаттарды эсепке салуу;
  • Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металлды сатып алуу бүтүмүн тариздөө.

Мындан кийин баалуу металлдар кардардын «Элкарт Алтын» картасына чегерилет.

«Элкарт Алтын» картасы аркылуу төмөнкү операцияларды жүргүзө аласыз:

  • Сатып алууларды жүргүзүү жана Элкарт төлөм системасынын терминалдык тармагында кызматтар үчүн төлөө;
  • Картаны чектөөсүз толуктоо.

Бул карта, жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металлды алтынга, келечекте күмүшкө же платинага конвертациялоо жолу менен, кардарларга улуттук валютасында акчаны накталай алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

"Айыл банк" ААК жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебинде Элкарт төлөм картасын чыгарган Кыргызстандагы банктардын ичинен биринчи болгонун белгилеп кетели.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт