Кайын энем жоолугу жок дааратканага да чыгарбайт. Жаңы келген келиндин баяны
Айзирек 21 жашта. Жакында сүйүктүүсүнө турмушка чыккан. Жаш келиндин жашоосунда баары жакшы, болгону жоолук салынгысы келбейт.
"Кайын журтум менен бирге турабыз. Алар салтты катуу карманган кишилер. Күйөөм каалаганыңдай кийине бер деген, болгону кайын энем жоолугу жок жүрүүгө уруксат бербейт.
Көчөгө, базарга, дүкөнгө, таштанды чыгарганга, окууга, дааратканага (ал үйүбүздүн сыртында), короо шыпырганга да жоолук салынып чыгам.
Мен азыр жашмын. Чачымды жасап жүргүм келет. Көчөбүздөгү келиндердин баары жоолук салынбайт. Кайын энем эле, "кой, тигинин келининин жоолугу жок экен деп айтышат", - дей берет. Кайын журтумдун мага болгон мамилеси жакшы, жоолук маселесинде гана тил табыша албайбыз. Айтыңызчы, кайын энемди кантип көндүрсөм болот?"
Адис эмне дейт
Психолог Тамара Воронцова биздин өлкө үчүн эң башкы лозунг - "эл эмне дейт" экенин жана бул нерсе өзүнүн жана балдарынын бактысынан да биринчи орунда турарын айтат:
- Салттары урматтоо керек, алар кылымдар бою пайда болгон. Мисалы, көпчүлүк өлкөлөрдө турмушка чыккан аялдын жоолук салынуусу - балдарга кам көрүү, тамак бышыруу ж.б менен шартталган. Мурун чачты бат-баттан жууп турууга мүмкүнчүлүк болгон эмес, ошондуктан ал кирдеп калбашы үчүн жоолукка ороп катып коюшкан. Бул негизгиси. Ошондой эле аялдын жоолугуна карап, ал турмушка чыкканбы же жокпу аныктоо мүмкүн болгон.
Азыр чачты таза кармоо мүмкүнчүлүгү чектелген эмес. Бирок, салт сакталып калды, чынында азыраак эле элдер бул салтты карманбаса, көпчүлүк аялдар зарыл эмес деген ойдо болуп калышты.
Бизде, кайын энелер - эмне гана болбосун, курбуларына, кошуналарына, салтты карманганын, келини баш ийип жатканын көрсөтүү максатын көздөйт.
Тилекке каршы, сиз кайын энеңизди ынандырып, өзүңүздүн чындыгыңызды түшүндүрө албайсыз. Жакшысы, бул нерсени күйөөңүз жасасын.
Талыкпай дагы кайталам - жаш жубайлар өзүнчө жашашы керек, жок дегенде жаңы үйлөнгөндө. Ата-энелер улгайган, ден соолугу начар болсо, жардам берип алар менен чогуу турса болот. Өкүнүчтүүсү, бул дагы бир салтыбыз - сиздей 20 жаштагы жубайлар, ден сак 45-50 жаштагы ата-энелери менен турат. Азыр 21-кылым!
Бул салттар зарыл деле эмес, элдер жана өлкөлөр үчүн түбөлүктүү жана пайдалуу салттар сакталышы керек: улууларды сыйлоо, оорулууларга жардам берүү, уулуларга - ата-энеңдей, тең туштарыңа - бир тууганыңдай, кичүүлөргө балдарыңдай мамиле жасоо.
Кыязы, азырынча силерде өз алдынча бөлүнүп жашоо мүмкүнчүлүгү жок, күйөөңүз да муну талап кылбайт. Андыктан, чыр-чатакка салыштырмалуу, жоолук салынып, салтты сактап койгонго, азыраак нерв кетет. Ошентсе да, күйөөңүз апасын ынандырууга аракет кылып көрсүн.
Кымбаттуум, алдыда дагы бир топ көйгөйлөр болот, компромисске үйрөнүү керек!