Баламды түнкүсүн эле эмизем. Ден соолугуна зыян эмеспи?
Саламатсызбы. Менин 11 айлык балам бар. Эртең менентен баштап кечки саат 7ге чейин жумуштамын. Үйгө барганча сүтүм толуп кетет. Эмне кылышым керек? Саап турайынбы? Баламды түнкүсүн эле эмизем. Эч нерсе болбойбу?
Жылдыз Артыкбаева
Эмизүү боюнча адис
Саламатчылык. Ооба, туура айтасыз. Сүтүңүздү саап туруңуз. Төмөнкүлөр эсиңизде болсун:
- Колуңузду самындап таза жууңуз;
- Кайнатылган же таза жуулган, оозу чоң идиш даярдап алыңыз;
- Жумуштан тыныгуу алып, тынч жерге отуруп, сүтүңүздү колуңуз менен сааңыз;
- Саалган сүттүн оозун бекем жаап, муздаткычка же муздак жерге салып коюңуз.
Түнкүсүн баланы кадимкидей эмизе бериңиз. Ал эми күндүз баланы алып калган киши, сиз саап койгон сүттү+кошумча тамак берсе болот.
Саалган сүттүн мөөнөтү, сактоо температурасына ылайык ар кандай болот. Мисалы:
- 25-30 градуста – 4 саат;
- 15-25 градуста – 8 саат;
- 15 градустан төмөн – 24 саат;
- -2, -4 градуста – 8 күн.
Саалган сүттү берердин алдында, банкасы менен ысык сууга салып, бөлмөнүн температурасына жеткирип жылытып алуу зарыл.
Эскертүү! Саалган сүтү ашыкча ысытып же кайнаткан болбойт. Себеби эне сүтүнүн курамындагы пайдалуу заттардын бардыгы жоголот.
Ден соолукта болуңуз!