Футбол ойноп көкүрөгүмдү оорутуп алдым. Тезинен кантип айыксам болот?
Футболдон төшүмө бирөөнүн чыканагы тийип, көкүрөгүмдү катуу оорутуп алдым. 3-4 күн болду чүчкүргөндө, катуу чуркаганда ооруйт. Мен тезинен жакшы болушум керек. Эмне кылсам болот?
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, ортопед
Саламатсызбы. Урматтуу окурман, эгер жөн гана денеңизди көгөртүп алсаңыз, бир жуманын ичинде жакшы болуп каласыз. Бирок кабыргаңыз сынса, же кандайдыр бир нерв кысылып калса, тилекке каршы тезинен жакшы боло албайсыз.
Сиз айтып берген белгилер боюнча (чүчкүргөндө, чуркаганда ооруйт) кандайдыр бир диагноз кою мүмкүн эмес. Сөзсүз травматологго көрүнүп, рентгенге түшүшүңүз керек. Андан кийин гана дарылоо жолдору жана кандай чара көрүу керек экени белиглүү болот.
Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын Торакалдык хирургия бөлүмүнө күнү-түнү кайрылсаңыз болот.
Ден соолугуңузга сак болуңуз!