Бутума «грибок» жугузуп алдым. Кандай чара көрсөм болот? Дерматолог жооп берет
Аскерге кызмат өтөп келгенден кийин бутума “грибок” жугузуп алдым. Ал жактан бутубузга портянка ороп жүрөбүз. Барыбыздыкын бир алып кетип жууп кайра алып келип берет, аралашып калат.
Эми кечкисин, бутумдун манжалары кычышып, күйүп, оорутат. Эмне кылсам болот?
Бакыт Курманалиева
“Эркай” клиникасынын адиси, дерматолог
Сиз айткан белгилердин бардыгы грибоктун симптомдору. Андан тышкары манжалардын арасы ачышып, ыйлакча пайда болуп, кийин жарылат.
Азыркы тапта үйдө болсоңуз, эч кимдин бут кийимин кийбеңиз, жана өзүнүздүкүн бербеңиз. Башка үй-бүлө мүчөлөрүнө жугузуп албоо үчүн үйдөн жылаң айлак жүрбөңүз. Мончого, бассейнге, саунага барган болбойт.
Даарыканадан экзедерил деген дарыны алып, пахтага тамчалатып алып, мурун кийип жүргөн жана азыр кийген бут кийимдериңиздин ичин сүрүп чыгыңыз. Сүргөн ватаны ыргытпай, бут кийимдин ичине салып, аны целлофан пакетке салып, оозун жакшылап байлап коюңуз. Түнгө калтырыңыз. Бул процедураны жума сайын кайталоо керек. Ал бут кийимдеги козу карындын бактерияларын өлтүрөт.
Ошондой эле, байпактарды бир кийгенден кийин кайнатып жууп туруңуз. Кийердин алдында үтүктөңүз. Мунун барын кылуу оңой эмес. Бирок кылбай коюнун натыйжасы андан да жаман.
Дерматологго кайрылып, эртерээк дарыланып баштаңыз.
Эч кандай чара көрбөсөңүз оору колуңуздагы манжаларга, тырмактарга өтөт. Бара-бара экземага айланып, өнөкөт оору болуп калат.
Ден соолукта болуңуз!