// //

8-класстан кийин окубай калгам. Кантип аттестат алсам болот?

2019.07.09, 10:15
1613

Шартка байланыштуу 8-классты бүтүп, окубай калганмын. Азыр мага аттестат керек болуп жатат. Кантип алсам болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.07.2019, 10:17

Марина Гречаная

КР Билим берүү министрлигинин пресс-катчысы

Саламатсызбы! Эгерде белгилүү бир себептен улам толук билим алалбай калсаңыз, сырттан билим берүү мекемелеринен окуңузду бүтүрө аласыз. Бул үчүн ар бир облуска, районго, шаарга атайын кечки мектептер ачылган.

Белгилүү мөөнөткө чейин кайсы мектепте окусаңыз, ошол жерге барып, документтериңизди алып, жашаган жериңиздин райондук билим берүү борборуна кайрылып, кечки мектепке тапшырсаңыз болот. Окууңузду бүткөндөн кийин күбөлүк аласыз. Ошол жердин мугалимдери сизге жардам беришет.

0312 61 23 40 номерине байланышып, кечки мектептер жөнүндө толук маалымат алсаңыз болот. 

Сизге ийгилик каалайбыз!

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
10.07.2019, 14:49

Кыргызстандын эн жакшы тушурулгон экономикалык жана физикалык карталарын кайдан алсам болот 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт