Жолдошум уулум менен чет өлкөгө чыгууга уруксат бербей жатат. Эмне кылсам болот?
Жолдошум менен ажырашып кеткениме 9 жыл болду. Уулум быйыл 5-чи класска көчөт. Бир жылдан бери баламды Литвадан окутайын деп документ чогултуп, мектепке сүйлөшүп койгом. Баламды алып кетип, ошол жактан окутайын десем, уруксат бербей жатат. Балага документ жасатыш үчүн атасынын макулдугу сөзсуз керек экен.
Ушунча убакыттан бери баланы каралашкан жок, алимент төлөгөн жок, келечеги үчүн кам көргөн жок. Өзүнүн жашоо турмушу жакшы. 9 жылдан берки алиментти өндүрүп алсам болобу?
Ширин Алмазова
Адвокат
Мындай суроолорду сот аркылуу чечсе болот. Райондук сотко ажыраштыруу жана балага алимент өндүрүү доо арызы менен кайрылууну сунуштайм. Анын каршылыгына карабастан, сот никени бузат жана анын тапкан кирешесинин ¼ бөлүгүн алимент катары төлөөгө милдеттендирет. Ошондой эле, чет өлкөгө чыгуу үчүн балага уруксат берүүнү да милдеттендирет.
Сот, сотко кайрылган күндөн тартып акыркы 3 жыл үчүн гана алимент өндүрүп бере алат. Эгер сот, ага чейин алимент өндүрүү боюнча кандайдыр бир чаралар көрүлгөн, бирок атасы баш тарткандыктан төлөнгөн эмес, деп аныктаса.
Үч жылда чогулган алименттин суммасы бир жылдын ичинде бирдей бөлүштүрүлгөн бөлүктөр менен төлөнөт.
Ийгилик!