Боорум киста болуп дарыландым. Кандай диета кармашым керек? Терапевт жооп берет
Менин оң кабыргамдын түбү ооруганынан УЗИге түшкөм. Кальцинат печени деп диагноз коюлган. Көрсө киста пайда болуп, жарылып, кургап калыптыр. Кайра анализ тапшыргандан кийин бардыгы жакшы деп чыкты. Тынчсызданганым, чындап эле бары жакшыбы? Кандай диета кармашым керек? Терапевт кыска эле жооп берип койду.
Азамат Акылбеков
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, терапевт
Саламатсызбы, урматту окурман. Эгер анализдериңиз жакшы чыкса, өзүңүздү жакшы сезсеңиз, демек бардыгы жайында. Тынчсыздануунун зарылчылыгы жок. Органдардын кальцинат болушуна бир нече себептер бар:
- кисталар;
- эхинокок;
- альвеокок;
- түрдүү шишиктер;
- кургак учук, ж.б.
Боордун кальцинат болушун өз алдынча аныктоо мүмкүн эмес, УЗИден гана көрүүгө болот.
Эч кандай диета кармоонун зарылчылыгы жок. Кадимкидей жашооңузду улантып жүрө бересиз. Болгону 6 айда бир УЗИге түшүп, гастроэнтерологдун көзөмөлүндө болуңуз.
Ден соолук каалайм!