// //

Кетип калган күйөөмдү кайтаруу үчүн дуба окутсам болобу? Теолог жооп берет

2019.07.08, 14:57
4875

Саламатсызбы? Күйөөм боюмда бар кезде таштап кеткен. Учурда балама бир ай болуп калды. Баламды атасыз чоңойткум келбейт. Жолдошум жакшы адам. Эмнеге кетип калганын өзү да түшүндүрө албайт. Аны бирөөлөр окутуп коюптур. Мен да өзүмө кайтарып окутсам болобу?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.07.2019, 14:59

Кадыр Маликов

Теолог

Бирөөнү окутуп же дубалатуу - кара дубага же сыйкырчылыкка (колдовство) кирет.

Ислам негиздерине ылайык сыйкырчылык ишенбөөчүлүккө тете болгон чоң күнөө, ага катуу тыюу салынат. Ким бирөөнү окутуп же окуттуруп алса, кылган ишине жооп берет. Себеби ал бул аракети менен кудайга ширк келтирген болот.

Сыйкырчылык – бул жардамды кудайдан эмес кара күчтөрдөн суроо. Андыктан, кара дубага шайтандар катышат.

Сиз бул нерсени жасабаңыз. Курандын белгилүү сүрөөлөрүн окуу менен гана кара дубаны жокко чыгарса болот. Күйөөңүз же өзүңүз бул нерсе менен алектенген молдого кайрылгыла.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт