// //

Кошуналарыбыз ремонт жасап тажатышты. Кандай чара колдонсок болот?

2019.07.05, 11:42
815

Биз бир бөлмөлүү батирде жашайбыз. Кошуналарыбыз көчүп келгенине бир жыл болуп калды. Ошондон бери ремонт жасап келишет. Кызыгы, биз жумуштан, балдарыбыз сабактан чарчап келгенде, кечки 5-6да башташат.  Эртерээк бүтүрүңүз десек, эч нерсе кыла албайсыңар, андай мыйзам жок, деп кайра бизге атырылды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.07.2019, 14:52

Ширин Алмазова

Адвокат

Саламатчылык. Колдон келсе, кошунаңыз менен курулуш иштерин жүргүзүү убактысын жана тартибин макулдашып алганыңыз оң. Себеби, сүйлөшүү маселени чечүүнүн эң жеңил, арзан жана ден соолукка зыянсыз жолу. Мисалы иш күндөрү, эртең мененки 9.00 – 19.00гө чейин оңдоо иштери жүргүзүлөт. Күндүз 13.00-15.00го чейин балдардын уктоо убактысына тыныгуу жасалат, деп.

Болбосо, КР Мамлекеттик техинспекциясына же Бишкектин башкы архитектурасына арыз менен кайрылсаңыз болот. Андан тышкары бул көрүнүшкө нааразы болгон башка кошуналарыңардын колун чогултуп ИИМге кайрылуу жасасаңар болот.

Кыргыз Республикасынын “Мыйзам бузуулар тууралуу” Кодексинин “Калкты ызы-чуудан сактоо тууралуу талаптарды бузуу”деп аталган 52-беренесине ылайык, жарандар жашаган жерде жана коомдук жайларда тынчтыкты сактоо тартиби бузулса 5 категориядагы айып пул салынат.

  • Физикалык жактар үчүн 10 000 сом.
  • Юридикалык жактар үчүн 28 000 сом.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт