// //

Кайын энем милиция тайкесине ишенип мени урат. Кош бойлуу келиндин баяны

2019.07.04, 16:27
4569

Bilesinbi.kg’ге үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон аялдар көп кайрылат. Алардын бири Гүлбайра (аты өзгөртүлдү) кайын энесинин кызыл камчы экенин айтып берди.

Кайын энем мага кол көтөрөт. Бир нерсени туура эмес кылсам, түртүп, жулкулдатып, “минтпейсиңби” - деп чаап жиберет. Боюмда бар. Мына, кечээ эле катуу түрттү эле, кулап түштүм. Дароо курсактагы баламды ойлодум”.

Гүлбайра милицияга кайрылайын дейт, бирок ал жакта кайын энесинин тайкеси иштейт:

Өз укугумду коргоп, тиешелүү органдарга айтайын дейм. Бирок, кайын энемдин тайкеси милицияда иштейт. Денемде да тактар жок. Урган эмес деп, арызымды кабыл албай койсо эмне болот, деп ойлойм. Кайын энемдин кол көтөргөнүн кантип далилдесем болот? Деги эле эмне кылсам? Жардам бериңизчи?

Сөзүнүн аягында күйөөсү аябай жоош экенин, апасынан коркоорун, сабап жатканда унчукпай олтураарын кошумчалай кетти.

Адистер эмне дейт

Юрист Нурислам Раимжановдун айтымында зомбулукту далилдөө үчүн денедеги тактардын болушу зарыл эмес: 

- Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту алдын алуу мыйзамынын негизине ылайык, кайын энеңиздин сизге көрсөтүп жаткан зомбулугу боюнча милицияга өзүңүз же жакындарыңыз кайрылса, коргоо ордерин беришет, тийиштүү чараларды көрүшөт. Мындай абалга туш болгонуңуз абдан өкүнүчтүү. Сиз да бирөөнүн баласысыз. Ата-энеңизге, туугандарыңызга ачык айтыңыз. Сизге мындай мамиле жасаганга эч кимдин акысы жок, мыйзам буга жол бербейт. Өзүңүздүн укугуңузду коргоңуз, балаңыздын келечегине да зыяны тийип калбасын. Редакциядан менин телефон номеримди алсаңыз, арыз жазганга жардам берем.

Акушер-гинеколог Раушан Джумагулова кош бойлуу айым стресске кабылганда, түйүлдүктө өсүү жана өрчүү кемтиктери пайда болоорун айтат:

- Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук өтө коркунучтуу! Туруктуу стресс курсактагы балага терс тасирин тийгизет. Кош бойлуу айымга кол көтөрүү – кан агууга, бойдон түшүү коркунучуна же бойдон түшүүгө, жатындагы баланын өлүмүнө, тондун кабатталышына алып келиши мүмкүн.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт