// //

Үч айлык боюмда бар, бирок ичим билинбейт, ошого кыжалатмын. Гинекологдун жообу

2019.07.04, 13:16
3197

Саламатсызбы. Боюма бүткөнүнө 3 ай болду, бирок ичим такыр билинбейт. Биринчим. Элдин баары ичиң жок го, деп жатышат. Бирок УЗИден бардыгы жакшы деген. Ичимдин чыкпаганына кыжалат боло берем.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.07.2019, 13:17

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Ичтин көлөмү эч нерсени билдирбейт. 3 жума болобу 3 ай болобу, ич байкалбайт. Себеби 12 жумалык түйүлдүктүн узундугу 5 см, салмагы 14 грам. Негизги органдарынын бардыгы калыптанган. Кийинки 6 айда жетилип, чоңоет.

Башкысы жатындын жайгашуусу. Аны акушер-гинеколог сизди көргөндө жана УЗИден аныктайт.

Адамдардын айткандарын азыраак угуп, жөнү жок санаага бата бербеңиз.

Аман эсен көз жарып алыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт