Россиянын жаранымын, бирок Кыргызстандан төрөдүм. Күбөлүк ала аламынбы?
2019.07.04, 10:48
1127
Өзүм Россиянын жарандыгын алгам, бирок кызымды Кыргызстандан төрөдүм, күбөлүктү кандай кылып алам? Кайсы жака барышым керек? Канча сом болот? Жооп алып бериңизчи сураныч?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.07.2019, 10:49
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатсызбы урматтуу окурман. Кызыңыздын бешик боосу бек болсун! Төрөт үйү караган ЗАГСка барып, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн аласыз. Жаныңызда:
- ата-энесинин паспорттору;
- төрөт үйүнөн алынган маалымкат болсун.
Мамлекетке төлөнүүчү салык 110 сом. Күбөлүк 10 мүнөттүн ичинде берилет.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп