Боюмда бар, тишиме пломба салдырсам болобу? Стоматолог жооп берет
2019.07.04, 10:25
2141
Менин эки айлык боюмда бар. Тиш доктурга кайрылып, пломба салдырсам болобу? Балага зыяны жокбу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.07.2019, 10:26
Нуржамал Канатбекова
Стоматолог
Ооба дарыласа болот. Бирок, айрым факторлорду эске алуу керек.
- Кош бойлуулугуңуз нормалдуу өтүп эч кандай патологиялар жок.
- Мурда тишиңизди дарылаткансыз жана анестезияга (уколго) аллергияңыз жок экенин билесиз.
Негизи 12 жумалык мөөнөттө гинекологдор өздөрү төрөткө чейин тиштериңизди дарылап алыңыз деп, стоматологго жөнөтүшөт. Ага чейин дарылабай турган оң.
Бирок тишиңиз чыдатпай ооруп, кыйнап жатса, анда дарылоого туура келет.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
0
Пайдалуу жооп